Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Тунистеги кол салуудан 19 киши өлгөнү такталды


Тунистин премьер-министри баш калаадагы кол салуудан 19 киши, анын ичинде чет өлкөлүк 17 турист набыт кеткенин билдирди.

Хабиб Эссиддин айтымында, 22 турист жана жергиликтүү эки киши жарадар болду. Белгилүү Бардо музейинде ок ачкан куралчан эки киши коопсуздук күчтөрү тарабынан атып өлтүрүлдү, барымтадагы кишилер бошотулду.

Телекайрылуусунда өкмөт башчы өлгөндөрүн арасында Италия, Германия, Польша жана Испаниядан келген туристтер бар деди.

Музей парламент имаратына жанаша жайгашкан. Кол салуудан кийин андагы элдер шашылыш эвакуацияланды.

2011-жылы мурдагы президент Зине Эл-Абидин Бен Али кулатылгандан бери Тунисте мындай зомбулук боло элек болчу.

XS
SM
MD
LG