Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:45

Тбилиси: Орусиянын Цхинвали менен келишими аймактын аннексиясына тете


Орусия президенти Владимир Путин Тбилиси менен Батыштын айыптоолоруна карабай, Грузиянын жикчил аймагы менен келишимге кол койду. Путин менен Түштүк Осетиянын лидери Леонид Тибилов шериктештик жана интеграция тууралуу документке 18-мартта Кремлде кол коюшту. Анын айрым беренелери боюнча, Орусия аймактын чек араларын кайтарууну, коргонууну жана коопсуздукту камсыздоону өзүнө алат.

Келишимге кол коюлгандан көп узабай Грузиянын Тышкы иштер министрлиги бул “иш жүзүндө оккупацияланган Цхинвалинин аннекиясына тете” деп билдирди. Орусия жикчил аймактын эгемендигин 2008-жылы Грузия менен 5 күндүк согуштан кийин тааныган.

Евробиримдиктин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини 17-мартта документ "Грузиянын суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузат" деп билдирген.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымат катчысы Йен Псаки болсо Вашингтон ал келишимди тааныбайт деген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG