Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:40

Тунис президенти терроризмге каршы аёосуз күрөшөрүн билдирди


Беджи Каид Эс-Себси.

Беджи Каид Эс-Себси.

Тунис президенти Беджи Каид Эс-Себси өз мамлекетинде 18 турист менен эки жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылган окуядан соң террористтерге каршы аёосуз күрөш жүргүзөрүн билдирди. 18-март күнү белгилүү Бардо музейинде куралчан эки киши ок чыгарып, 24 адамды барымтага алган болчу. Коопсуздук күчтөрү экөөнү тең атып өлтүргөн.

Шаршемби күнү телевидение аркылуу сүйлөп жатып, президент Беджи Каид Эс-Себси анын өлкөсү терроризм менен күрөшүүнүн алдында турганын айтты:

- Биз экстремизм менен күрөшүү үчүн согушту баштадык. Бул жапайы жорук бизди коркута албайт, - деди Эс-Себси.

Тунистеги террорчулардын кол салуусунан өлгөндөрүн арасында Италия, Германия, Польша, Колумбия жана Испаниядан келген туристтер бар. Окуя болгон учурда музейдин жанында жайгашкан парламент имаратында депутаттар антитеррордук мыйзамды талкуулап жаткан эле.

2011-жылы мурдагы президент Зине Эл-Абидин Бен Али кулатылгандан бери Тунисте мындай зомбулук боло элек болчу. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG