Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

АКШдагы кыргыз балдар үчүн “Алиппе” китеби басылды


АКШдагы кыргыз балдар үчүн чыгарылган "Алиппе".
АКШдагы кыргыз балдар үчүн чыгарылган "Алиппе".

Үй шартында кыргызча тамгаларды жана кыргыз тилин үйрөнүүгө багытталган “Алиппе” китебин жаш филологдор Зарина Сахидинова менен Нурак Эшенкулов жазган. Китептин биринчи бөлүгү 200 нускада чыкты. Жакында экинчи бөлүгү даярдалат. Бул тууралуу “Азаттыкка” чет элде жашаган кыргызстандыктарга түрдүү багытта колдоо көрсөтүп келаткан “Замандаш” ассоциациясынын өкүлү Наргиза Дүйшөнбаева билдирди.

- Китеп 60 барактан турат. Түстүү жана балдарга түшүнүктүү. Кыргыз тилин жана маданиятын өнүктүрүү максатында бул саамалыкты колдоп жатабыз,- дейт Дүйшөнбаева.

Китепти басып чыгарууга Цинциннати шаарында жашаган кыргыздардын уюму каржылык колдоо көрсөткөн. Аны АКШга жеткирүү иштерине “замандашчылар” жардам берет. Америкада миңдеген кыргызстандыктар үй-бүлөсү менен иштеп, окуп жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG