Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:51

Камалов камакта жатып да үгүт иштерин жүргүзгөнү аныкталды


Рашод Камалов, сот залында. 24-февраль, 2015-жыл.

Рашод Камалов, сот залында. 24-февраль, 2015-жыл.

“Хизб-ут-Тахрир” экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү деген шек менен Оштун Кара-Суу районунда бир ай мурун кармалган Рашод Камалов камакта да үгүт иштерин токтотпой жатканы аныкталганы тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Мындан улам Камаловго коюлган айыптардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Маалыматка ылайык, ал диний-эктремисттик үгүт иштерин интернеттеги социалдык желелерде, негизинен Whats App аркылуу жүргүзүп жатканы маалым болду. Шектүү жаткан камерадан эктремисттик маанайдагы материалдар жана интернетке туташкан уюлдук телефон табылган. Анын баары милиция тарабынан алынды. Бирок Камаловдун адвокаты Валерян Ахметов күч кызматкерлери жактоочу жок учурда камерага тинтүү жүргүзүлгөнүн мыйзамсыз деп атады.

Кара-Суудагы “Ас-Сарахсий” мечитинде имам болуп жүргөн 37 жаштагы Рашод Камалов 9-февралда кармалган. Ал экстремизмге чакырык жасаган, Кыргызстанда халифат курууга аракет кылган жана Сирияга адамдарды жөнөткөн деп шек менен эки айга камалган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG