Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаковго таандык "Давос" компаниясынын жанында нааразылык акциясы өтүп жатат. Ага катышкан 100гө жакын адам Самаковду “Бишкектин жака белиндеги жерлерди мыйзамсыз алган” деп айыпташууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюштуруучулардын бири Нурлан Асанов билдирди.

Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Байтик жана Кара-Жыгач айылынан келгендер Самаковдун жоопко тартылышын талап кылып жатышат. Депутат өзү бул боюнча пикирин билдире элек.

Аталган аймактын тургундары ушундай эле митингди 18-мартта да өткөрүшкөн. Алар менен Самаковдун уулу жолуккан болчу. Бирок айыл тургундары депутаттын өзү келсин деген талап коюшкан.

Митингге чыккандар 42 гектар жерди Самаковдун жакындары делген адамдар 2008-жылы 49 жылга ижарага алып, кийин 20 млн. сомго аукциондо сатып алганын, мунун айынан жергиликтүү эл жайыттарынан ажырап калышканын билдирип келишет. Аталган аймактын тургундары жерди кайтарып берүүнү талап кылышууда. (КE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG