Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:06

Президенттин Молдова сапары боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды


Алмазбек Атамбаев

Алмазбек Атамбаев

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков парламенттин бүгүнкү жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин Кишиневго жасаган бейрасмий сапары боюнча маселени көтөрдү. Эл өкүлү өлкө башчысын менчик учак менен учуп, жашыруун сүйлөшүү жүргүздү деп сынга алды. Ал бул сапар боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев бул боюнча убагы келгенде билдирүү болорун, Жээнбеков койгон маселе өлкө башчысына жеткирилерин айтты.

Ушул аптанын башында Атамбаевдин Молдова олигархынын менчик учагы менен Кишиневго барганы ачыкка чыгып, түрдүү түкшүмөлдөрдү жараткан. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG