Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:48

Сапатсыз зер буюм саткандардын жоопкерчилиги күчөтүлөт


Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, баалуу металлдар жана асыл таштар менен соода операцияларын жасоо жаатында мыйзам талаптарын бузуу өтө көп кездешүүдө. Ошондуктан айып пулдун көлөмүн 100 эсептик көрсөткүчкө көтөрүү сунушталууда. Учурда бул багытта мыйзам бузган тарап 5 миң сом айып төлөйт.

Бүгүн Жогорку Кеӊеш баалуу металлдан жана асыл таштар менен иш алпарган жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчиликтерин жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөттү. Депутат Айнуру Алтыбаева сапатсыз зер буюмдарын саткандарды соттоо сунушун айтты.

Кыргызстанга жылына 20 тоннага чейин баалуу металлдар менен асыл таштардан жасалган буюмдар ташылып келет. Аларга Кыргызстандын мамлекеттик энтамгасы басылууга тийиш. Депутаттар иш жүзүндө ал талап аткарылбай, жоопкерчилик чаралары жетишсиз болгондуктан, миллондогон сомдор казынага түшпөй калып жатканын белгилешти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG