Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

БУУ Тунистеги музейге кол салууну айыптады


Тунис -- Музейдеги кол салуудан кийинки операция, 180март, 2015.

Тунис -- Музейдеги кол салуудан кийинки операция, 180март, 2015.

Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 19 адамдын өмүрүн алган Тунистин баш калаасындагы музейге кол салууну айыптады. 18-мартта өлкөдөгү белгилүү Бардо музейине куралчан адамдар кирип, бир нече кишини барымтага алган. Кол салуудан 17 турист жана эки жергиликтүү тургун мерт кетип, 20дан ашык киши жарадар болду. Барымтадагыларды бошотуу операциясы маалында полиция кол салгандардын экөөсүн жок кылды. Дагы экөө качып кеткен. Мерт болгондор арасында Италия, Германия, Польша жана Испаниядан келген туристтер бар экени кабарланды.

Тунистин президенти Бежи Каид Эс-Себси телеканалы аркылуу кайрылып, өлкө террор менен күрөшүп жатканын билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри кол салууну айыптап, Кошмо Штаттар Тунис өкмөтү коопсуз, өнүккөн жана демократиялуу мамлекет курушуна көмөктөшөрүн билдирди.

2011-жылы мурдагы президент Зине Эл-Абидин Бен Али кулатылгандан бери Тунисте мындай зомбулук боло элек болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG