Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Коомдук телеканалдын жетекчиси тандалууда


Ушул тапта Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчилигине талапкерлер өз программалары менен тааныштырууда. Байкоочу кеңештин өкүлдөрү экинчи тур болушу ыктымалдыгын белгилеп жатышат. КТРК башчылыгына жалпысынан 10 адамдын документи кабыл алынган. Алар: Ишен Айтмамбетов, Аскат Алагөзов, Илим Карыпбеков, Жээналы Камбаралиев, Кадыр Кошалиев, Тимур Саралаев, Сюита Соурбаева, Азис Шаршенбаев, Бөлөкбай Шеримбеков, Кубанычбек Эсенбаев. Булардын ичинен Кадыр Кошалиев бүгүн талапкерлигин алып салды. Муну ал КТРКнын Байкоочу кеңешинин мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу деп түшүндүргөн. Ал кеңештин мүчөлөрү сынакка чейин эле өздөрү үгүт иштерин жүргүзүп жатканын белгилеген. Ушул эле күнү өз программасын тааныштырган Ишен Айтмамбетов да Коомдук каналга жетекчи болуудан баш тартты.

Коомдук телеканалды ушул тапта Илим Карыпбеков жетектөөдө. КТРКнын мурдагы жетекчиси Султан Жумагулов февралда өз арызы менен кызматтан кеткен. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG