Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:55

АКШ Палестин мамлекетин түзүүнү колдойт


Палестина -- Газа шаары, 14-ноябрь, 2012

Палестина -- Газа шаары, 14-ноябрь, 2012

АКШ Палестин мамлекетин түзүү идеясын колдой турганын ырастады. Ак үй мындай билдирүүнү Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун партиясы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан соң жасады. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Нетаньяху жеңишке жетишсе, Палестин мамлекетинин түзүлүшүнө жол бербейм деген убада берген.

АКШ Ак үйүнүн расмий өкүлү Жош Эрнест 18-мартта Израил менен палестиндиктер арасындагы жаңжалды жөнгө салуу саясатын АКШ 20 жылдан бери жүргүзүп келгенин билдирди. Ошондой эле Эрнест Кошмо Штаттар Нетаньяхунун араб өлкөлөрүнө карата сөздөрүн сынга аларын кошумчалады

Буга чейин БУУ менен Евробиримдик Израил премьер-министрин Палестин автономиясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырган.

17-мартта өткөн шайлоодо премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун бийликтеги "Ликуд" партиясы жеңишке жеткен. Ал эми Палестина жана эл аралык коомчулук менен мамилени оңдоону убада кылган оппозициялык “Сионисттер биримдиги” партиясы экинчи болду.

Байкоочулар "Ликуддун" жеңиши Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси үчүн залака тийгизерин айтышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG