Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

ЕБ Орусияга карата санкцияларды узартууну талкуулайт


Евробиримдиктин жетекчилери Украинадагы жаңжалдан улам Орусияга карата санкцияларды узартуу маселесин талкуулашат. Бул боюнча жыйын бүгүн Брюсселде өтөт.

“Азаттыкка” сүйлөгөн европалык дипломаттардын бири жыйында Орусияга карата банк жана мунай секторундагы санкцияларды быйыл жыл аягына чейин узартуу маселеси каралышы мүмкүн экенин билдирген. Бул боюнча Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск Франция жана Германия жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Ошол эле учурда Греция, Австрия жана Словакия сыяктуу өлкөлөр бул боюнча чечим кабыл алууга шашылбоого чакырып жатканын дипломат кошумчалады.

Буга чейин Германия канцлери Ангела Меркел менен АКШ президенти Барак Обама сүйлөшүп, Орусияга карата санкцияларды азайтпоону макулдашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG