Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:49

Азербайжанда үч активист мунапыстын негизинде бошотулду


Азербайжанда жүздөн ашык адам мунапыс менен бошотулду. Мындай жарлыкка Нооруздун алдында президент Илхам Алиев кол койду. Эркиндикке чыгарылгандардын арасында саясий негизде кесилген үч оппозициялык активист бар. Былтыр октябрда мыйзамсыз нааразылык акциясына катышкан деп үч жылга кесилген активист Орхан Эйюбзаде, белгилүү блоггер Башир Сулейманлы жана активист Анар Касымлы бошотулду.

Адам укуктары боюнча иш алпарган Human Rights Watch бул мунапысты оңунан баалап, бирок Азербайжанда саясий себептен улам негизсиз абакта жаткандар арбын экенине көңүл бурду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG