Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна шайланды


Илим Карыпбеков "Азаттыкта" 20-январь, 2012.
Илим Карыпбеков "Азаттыкта" 20-январь, 2012.

Коомдук телерадио корпорациясынын байкоочу кеңеши бүгүн каналдын жетекчилигине талапкерлердин арасынан Илим Карыпбековдун талапкерлигин иргеп алды. Ал биринчи айлампада 9, экинчи айлампада 11 добуш менен атаандаштарынан озуп түшкөнүн "Азаттыкка" КТРКнын аппарат жетекчиси Руслан Асанбек уулу билдирди. Жалпысынан бул орун үчүн сынакка 10 талапкер катышып, алардын экөө бүгүн сынакка катышуудан баш тарткан.

Илим Карыпбеков өткөн айда КТРК жетекчиси Султан Жумагулов өз арызы менен кызматтан кеткенден бери коомдук каналды убактылуу башкарып келген. Ага чейин КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы болчу. Коомчулукка медиа эксперт катары таанылган, 35 жашта.

XS
SM
MD
LG