Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Порошенко Донбасстын өзгөчө макамы боюнча мыйзамга кол койду


Украин президенти Петро Порошенко Донбасстагы айрым райондорго өзгөчө макам берүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, аталган аймактарда мыйзамсыз куралдуу топтор, аскерий техника, согушкерлер толук чыгарылгандан кийин эл аралык байкоочулардын катышуусунда украин мыйзамдарына ылайык шайлоо өтүшү керек.

Киев бул мыйзам 12-февралда Минск келишиминин шарттарын жана тынчтык жараянды ишке ашыруу максатын көздөрүн билдирүүдө. Бирок Донбасстагы орусиячыл жикчилдер мыйзамды иштеп чыгуу алар менен макулдашылбаганын жүйө кылып, каршы чыгууда. Өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик республикалары" деп жарыяланган аймактын лидерлери Киевди Минск келишимдерин бузду деген билдирүү менен айыптап чыкты.

XS
SM
MD
LG