Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:12

Чет жерде мыйзам бузууга эмне түртөт?


Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак, чет өлкөлөрдө эркинен ажыратылган кыргызстандыктардын саны 2913 адамды түзөт. Алардын ичинен 2549у Орусияда, 303ү Казакстанда жана 26 жаран Тажикстандын жаза аткаруу мекемелеринде кармалып турат.

Мындан сырткары, Кытайда 9 кыргыз жараны өмүрүнүн соңуна чейин абакка кесилсе, бирөө маңзат соодасы үчүн өлүм жазасына тартылган. Булардан башка да мамлекеттерде мыйзам бузуп, абакка түшкөн мекендештерибиз жок эмес. Чет жерде жүрүп мыйзам бузууга кандай жагдайлар түртүүдө? Бул адамдын өзүнүн баскан турганынан болуп жаткан нерсеби же кыргыз бийлигинин да күнөөсү барбы? Балким чет жерде жүрүп аянычтуу тагдырга туш болгон, ар кандай жагдайда абакка түшүп калган, же укуктук, моралдык колдоого муктаж мекендештерибиз бардыр. Эгер бул сыяктуу маалыматтарды билсеңиз, сөзсүз форумга жазып, үн кошуңуш, мекендеш!

XS
SM
MD
LG