Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

АКШда "армян геноциди" тууралуу резолюция даярдалды


АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөлөрү президент Барак Обамага кайрылып, Биринчи Дүйнөлүк согуш учурундагы Осмон империясынын армяндардын массалык өлтүрүлүшүн геноцид катары таанууга чакырды.

“Армяндарга каршы геноцид чындыгы жана адилеттиги” деп аталган резолюцияга 40тан ашык конгрессмен кол койгон. Резолюция муну менен катар Барак Обаманы Түркия жана Армения ортосундагы мамилени жөнгө салуу үчүн көмөктөшүүгө чакырган.

Армян тараптын ырасташынча, 1915-жылы 24-апрелде Осмон империясынын күчтөрү баштаган канды булоондо 1,5 миллион армян жана жарым миллион түрк кырылган. Осмон империясынын мураскери саналган Түркия Еревандын «геноцид», башкача айтканда, армяндарды тукум курут кылуу максатында өлтүрүшкөн деген аныктамасына макул эмес.

XS
SM
MD
LG