Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Ооганстанда Куранды өрттөгөн аял өлтүрүлдү


Ооганстандын борбору Кабулда жергиликтүү тургундар Куранды өрттөдү деп шектелген аялды тирүүлөй кыйнап өлтүрүштү. Полиция жана күбөлөр окуя 19-март күнү калаадагы Шах-Шамшири мечитинин жанында болгонун айтышты.

Күбө болгондордун бири “Азаттыкка” билдиргендей, алгач аял китепти өрттөгөн, андан соң топтолгондор анын өзүн өрттөп жиберишкен. Криминалга каршы полиция бөлүмүнүн башчысы, генерал Фарид Афзали Франс Пресс агенттигине аялдын күйгөн сөөгүн дарыяга ыргытып жиберишкенин айткан. “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна келип түшкөн тасмада ондогон жаш жигиттер аялды уруп-тээп, ташбараңга алып жатканы тартылган.

Аял эмне себептен Куранды өрттөгөнү азырынча маалым эмес.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG