Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:38

“Жаңы муун” кыймылы ЭлТР менен ОшТВга нааразы


"Троя аты" видеосунан бир көрүнүш
"Троя аты" видеосунан бир көрүнүш

“Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрү өздөрү тууралуу өткөн жылы интернетке тараган “Троя аты” аттуу тасма ЭлТР жана ОшТВ телеканалдары аркылуу көрсөтүлгөнүнө нааразы болуп, Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды кароочу комиссияга даттанды. Алар видео бир тараптуу маалыматтардын негизинде, кара пиар катары даярдалганын айтууда.

- Тасманы телевидениеден көрсөтүү журналисттик этиканы бузат. Биз муну буйрутма деп эсептейбиз,- деп жазылат арызда.

ЭлТР жетекчиси Максуда Айтиева “Азаттыкка” билдиргендей, ал тасма техник кызматкердин катасы менен эфирге узатылган. Бул шалаакылыктан улам кызматкер жумуштан кеткен. Ошол эле учурда тасмада сөз болгон кишилердин пикирин да эфирден берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Бирок эч ким кайрылган эмес. Ал эми ОшТВ жетекчилигинен азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

“Троя аты” видеосунда бейөкмөт уюмдар мамлекет душманы катары сыпатталып, “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрү Батыштын буюртмасы боюнча иштеп жатканы айтылган. Аталган кыймылга Мавлян Аскарбеков, Адил Турдукулов жана башка активисттер мүчө. Алардын арызын Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттануулар менен иштөөчү комиссия келерки аптада карайт. Аталган комиссияны белгилүү юрист Шамарал Майчиев жетектейт. (SE)

XS
SM
MD
LG