Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:37

Улуттук оппозициялык кыймыл 19-марттын кечинде жыйынга чогулуп, лидерин шайлашты. Кыймылдын башчылыгына “Чындык” партиясынын жетекчиси, оппозициялык саясатчы Кубанычбек Кадыров шайланганын кыймылдын мүчөсү Бектур Асанов “Азаттыкка” билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жаңы лидерлер келиши керектигин белгилеп, өткөн аптада оппозициялык кыймылдын жетекчилигинен кеткен.

Улуттук оппозициялык кыймыл мындан эки жарым жыл мурда түзүлгөн. Анын курамына Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов, Акматбек Келдибеков сыяктуу саясатчылар кирген. Бирок бийлик менен жең ичинен сүйлөшүп алды деген негизде Ташиев анын курамынан чыгарылган. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG