Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:18

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча макулдашуунун долбоору даярдалууда


Кыргыз-тажик чек арасындагы жол, Баткен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жол, Баткен.

Учурда кыргыз-тажик чек арасынын буга чейин такталган 519 чакырым узундуктагы тилкесин биринчи баскычта бекитүү боюнча макулдашуунун долбоору даярдалууда. Бул долбоор Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча жумушчу топторунун ушул айдын соңунда Бишкекте өтчү жолугушуусунда каралат. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди.

Буга чейин такталган бул 519 чакырым жалаң тоо кыркалары аркылуу гана өткөн тилке. Мындан сырткары бул жолугушууда өрөөндүү аймакта такталган 48 чакырым тилке боюнча да маселе коюлуп, тараптар тил табышса ал да макулдашылат. Негизинен кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери өрөөндү аймактарга келгени таптакыр жылбай калган. Буга чек аралардын чырмалыша жайгашканы жана тараптар чек ара тактоонун укуктук негиздеринде пикир таба албай жатышы себеп болууда. Курбанбай Искандаров бул жолугушууда ушул укуктук негиз боюнча да маселе козголорун кошумчалады.

Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырымды түзөт. (SM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG