Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Атамбаев: Талапка жооп бербеген окуу жайлар жабылышы керек


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкектин четиндеги Ала-Тоо конушундагы мектептин ачылыш аземинде сүйлөп жатып билдирди. Ал Жалпы ресбуликалык тестирлөөнүн баллын төмөндөтүүгө каршы экенин, Кыргызстанда билим сапатына жооп бербеген, атаандаштыкка туруштук бере албаган окуу жайлар жабылышы керектигин айтты. Ошондой эле балдарга кичине кезинен билим берүүнү сунуштап, өзү 58 жашында англис тилин үйрөнүп жатканын кошучалады.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 52 жогорку окуу жай бар. Мамлекет башчысы буга чейин алардын 20дайы жабылышы керектигин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG