Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Быйыл Бишкекте бир топ жолдор оңдолот


Бишкектин жаңы конуштарынын бириндеги жол.
Бишкектин жаңы конуштарынын бириндеги жол.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Ала-Тоо конушундагы мектепти ачып жатып билдирди. Анын айтымында, Бишкектин жолдорун оңдоо үчүн каражат табылды. Ошондой эле президент Ала-Тоо конушунун жолун аягына чыгарууну мэрге тапшырды.

“Бир аз кечигип келгенимдин себеби тиги жол менен алысыраак барып көрүп келдик. Анткени жол аягына чейин чыкпай калыптыр деген кабар келди. Мэр жылдын аягына чейин жолду бүтүрөм деп атат. Дагы бир жолу келем, жолду бүтүргүлө”, - деди Атамбаев.

“Азаттык” бир жума мурда Ала-Тоо конушуна барып, жолдун биринчи катмары төшөлгөндөн аз өтпөй эле бузулуп атканын кабарлаган. Ала-Тоодогу 1,7 чакырым жолду асфальттоого 69 млн. сом каралса, биринчи катмарына 33 миллиону коротулган. (МТо)

XS
SM
MD
LG