Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:50

Атамбаев президенттиктен соң Кыргызстанда каларын айтты


Алмазбек Атамбаев, Бишкек 31-август, 2014

Алмазбек Атамбаев, Бишкек 31-август, 2014

Бул тууралуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкекте 82-мектептин ачылыш аземинде Молдова сапары боюнча айтылган сындарга жооп берип жатып билдирди. Ал парламентте өзүн жамандап чыгышканын, бирок ага кайгырбасын айтты. Президент мөөнөтү бүтүп, кызматын тапшыргандан кийин да Кыргызстанда каларын, эч жакка качпай турганын билдирди. Бирок Молдовага барган себебин ачыктаган жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков 19-мартта Атамбаевдин Кишиневго жасаган бейрасмий сапарын сындап чыккан. Ал бул сапар боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган. Кийин президенттин аппараты Молдовага жасаган сапары боюнча маалымат таратып, өлкө башчынын Кишиневдогу бейрасмий жолугушуусу Орусия, Молдова жана Еврокеңештин өз ара кызматташуу маселелерин талкуулоого арналганын белгилеген. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG