Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:56

Тизмени шайлоодон кийин өзгөртүү сунушталууда


Партиялардын тизмесин шайлоо жыйынтыгы чыккандан соң өзгөртүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун “Ар-намыс” фракциясынан депутат Замир Бекбоев сунуштоодо. Ал депутаттык мандат үгүт иштерин жүргүзгөн жана добуш алганына байланыштуу бөлүштүрүлүшү керек экенин билдирүүдө. Бул мыйзам долбоор парламенттин кийинки отурумунда да талкууланат.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдардын жетекчиси Динара Ошрахунова тизмени өзгөртүү шайлоочуларды алдоого барабар экенин билдирип чыкты. Ал Кыргызстандагы дээрлик бардык партиялардын күчтүү программасы жок экенин, ошондуктан жарандар тизмеге карап жобуш беришерин билдирди. “Эгер бул тизме да өзгөрүп кетсе, анда шайлоочуларды алдоого барабар болуп калат”, - деди Ошурахунова.

Өткөн шайлоодо керектүү добуш ала албай, бирок мандат алгандар болгон. Бул багытта талаш-тартыштар чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG