Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

УОКтун жаңы лидерин мүчөлөрдүн көпчүлүгү тааныбайт


Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Бул тууралуу "Азаттыкка" кыймылдын мүчөлөрүнүн бири Адил Турдукулов билдирди. Ал кечээги лидер шайлоо туура эмес өткөнүн, Кубанычбек Кадыровду аз гана кишиден турган топ шайлап койгонун, буга макул болбогон кыймылдын бир топ мүчөсү жыйындан чыгып кеткенин айтат. Турдукулов ошондой эле бир адамды лидер кылбай, эки-үч адамды тең төрагалыкка шайлайлы, мындай жол менен жаштарды да лидерликке тарталы деген сунуштар суу кечпей калганын, жада калса бул шайлоодо атаандашсыз Кадыровдун гана талапкерлиги коюлганын, ошондуктан буга макул болбогондор эми кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылып жатышканын кошумчалады.

Кыймылдын дагы бир мүчөсү Бектур Асанов болсо Кубанычбек Кадыров көпчүлүк добуш менен шайланганын, башка эч ким чыкпагандыктан анын талапкерлиги жалгыз коюлганын, эгер кайра шайлоо болсо деле Кадыров өтүшү мүмкүндүгүн "Азаттыкка" билдирди. (SM)

XS
SM
MD
LG