Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Чезаре де Монтис бүгүн Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын белгилешинче, аталган уюм жети жыл ичинде Кыргызстанга 184 млн. евро бөлүп берүүгө макул болду. Бул каражат билим берүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, айылдарда жашоо-турмушту жакшыртуу багытына жумшалат. Чезаре де Монтис шайлоо - өлкөнү демократиялаштыруунун эң башкы каражаты экенин белгилеп, өлкө жетекчилиги бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүп берүүсү керектигин айтты. Ошондой эле атаандаштыкка жол берилиши керектигин, шайлоо тизмесин жаңылоо зарылдыгын сунуш кылды. 2017-жылы президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүгө техинкалык жардам көрсөтүүгө аталган уюм даяр экенин кошумчалады.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл күзүндө өтүшү керек. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG