Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

ЕБнын Орусияга каршы санкциясы Минск келишимине байланат


Бул тууралуу Еврокеңештин президенти Дональд Туск Брюсселдеги саммитте билдирди:

-Европа Кеңеши санкциялардын узактыгы Минск келишиминин толук аткарылуусуна так байланат деп чечти. Мында бул 2015-жылдын аягына гана барып, ишке ашары эске алынды.Европа кеңеши эгер зарыл болсо кошумча санкцияларды киргизүүгө даяр.

Орусиянын каржы, коргонуу жана энергия секторуна буга чейин киргизилген санкциялардын мөөнөтү быйыл июлда аяктайт. Аны узартуу же узартпоо маселеси боюнча расмий чечим июндагы саммитте кабыл алынмакчы.

Быйыл 15-февралдан тарта күчүнө кирген Минск келишими украин күчтөрү менен орусиячыл жикчилердин ок атышууну токтотуусун, ага катар жаңжаалды саясий жол менен жөнгөрүүнү карайт.

Бирок келишимдин саясий бөлүгүнүн аткарылыш шарттары боюнча соңку күндөрү расмий Киев,жикчилердин лидерлери жана аларды колдогон Орусия ортосунда кайрадан пикир-келишпестик чыгууда. (UE)

XS
SM
MD
LG