Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

Обама: АКШ менен Ирандын алакасы жакшыруусу үчүн сейрек мүмкүнчүлүк жаралды


Барак Обама.
Барак Обама.

АКШ президенти быйылкы жыл анын өлкөсү менен Ирандын алака-катышы оңолушу үчүн “ондогон жылдардагы эң жакшымүмкүнүчүлүк” жаратып жатканын ирандыктарга Нооруз майрамына арналган куттуктоосунда билдирди.

Обаманын айтымында, Иран менен анын өзөктүк программасы боюнча учурда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдө прогресс бар, бирок ажырым да кала берүүдө.

-Ондогон жылдардан бери биздин мамлекеттерди ишенбөөчүлүк жана коркунуч ажыратып келди. Азыр эрте жаз жана бизде алдыдагы көптөгөн жылдарга биздин өлкөлөргө жана дүйнөгө пайда алып келе тургандай мүмкүнчүлүк бар.

Обама кошумчалгандай, Иран утурумдук макулдашуу боюнча милдеттемелерин карманды. Бирок алдыдагы күндөр жана апталар абдан маанилүү.

АКШ президентинин пикиринде, эгер Иран дүйнөнү ал өзөктүк куралды каалабасына ынандыргыдай жолду тандаса, бул ирандыктар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Эгер Ирандын лидерлери бул жолду тандабаса, ирандыктар мурдагыдай эле изоляцияда калат жана глобалдык мүмкүнчүлүктөрдөн кол жууйт.

Буга чейин макулдашылгандай дүйнөнүн АКШ баштаган алты ири державасы жана Иран анын өзөктүк программасына байланышкан талашты жөнгөрүүгө негиз болуучу келишимге 30-мартка чейин кол коюшу керек. (UE)

XS
SM
MD
LG