Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Чек ара тактоо боюнча Өзбекстанга нота даярдалууда


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн өкмөттүн чек ара маселелери боюнча өкүлү Курбанбай Искандаров билдирди. Анын айтымында, буга чейин да Өзбекстанга чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүнү улантуу тууралуу бир канча нота жолдонгон. Бирок ага кошуна тараптан жооп болгон эмес. Мындан улам кыргыз өкмөтү Өзбекстанга эми дагы бир нота жибергени жатат.

Эки өлкөнүн чек арасын тактоо иштери акыркы бир канча жылдан бери токтоп турат. Тараптар бул ишти жандантуу боюнча макулдашканы менен иш жылган жок.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым, анын 320 чакырымы тактала элек. Талаштуу жерлерге келгени иш таптакыр жылбай калды. (SM)

XS
SM
MD
LG