Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:36

Аксы окуясында жабыркагандарга жеңилдиктер берилиши мүмкүн


Аксы окуясында курман болгондордун жакындары жана жабыркагандардын макамын апрелчилерге теңөө, дарыланууда жеңилдиктерди берүү маселеси макулдашылып жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев билдиргенин “Азаттыкка” укук коргоочу Турсунбек Акун кабарлады. Ал өкмөт башчы менен 19-мартта жолугуп, аксылыктардын өтүнүчүн жеткирген.

Аксы окуясынын курмандыктары эскерилген 17-март күнү аксылыктар өздөрүнүн макамын апрелчилерге теңөөнү, ошондой жеңилдиктерди, орден, медалдарды берүүнү талап кылган болчу.

Аскар Акаев бийликте турган 2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абаддын Аксы районунда тынчтык митингинин катышуучуларына каршы ок атылып, алты киши каза тапкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG