Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Оппозиция ичиндеги таарынычтар


Оппозиция өткөргөн митинг. 10-апрель, 2014-жыл.
Оппозиция өткөргөн митинг. 10-апрель, 2014-жыл.

Улуттук оппозициялык кыймылдын жаңы лидерин шайлоо жараяны өз ара карама-каршылыктарды жаратты.

Кыймылдын мурдагы лидери шайлоо эч бир эрежеси жок эле өткөрүлдү деп нааразы болууда. Ал эми кыймылга кошулган жаңы күчтөр лидерликке эски кадр келип калганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылганы жатышат.

Улуттук оппозициялык кыймыл 19-мартта жаңы лидери катары Кубанычбек Кадыровду шайлады. Кыймылга жаңы кошулган жаштар шайлоо туура эмес жол менен өткөнүн айтып, лидерликке алар сунуштаган талапкерлер каралбай калганына нааразы болуп жатышат.

Оппозициялык кыймылдын жаңы мүчөсү Адил Турдукулов Кубанычбек Кадыровду лидер катары тааныбай турганын жана кайра шайлоону талап кыларын айтты.

- Шайлоого кыймылдын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан жок. Азчылык топтун өз лидерин тандап алуусунун өзү туура эмес. Биз сунуштаган бир дагы талапкердин эске алынбаганы жана алардын катышпаганы да лидерди тандоо туура эмес жол менен өткөнүн көрсөтүп турат. Мен жеке лидерликке Сонунбек Жунусбаевди, Төрөкан Жунусбековду жана Адилет Айтикеевди сунуштагам. Мен кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылам. Позициям ушундай.

Оппозиция лидерликке Кубанычбек Кадыровду көрсөттү
Оппозиция лидерликке Кубанычбек Кадыровду көрсөттү

Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков жакынкы эле күндөрдө кыймылга жаңы лидерлер келиши керек деген ниетте оппозициялык кыймылдын жетекчилигинен кеткен болчу. Ал кыймылдын бардык мүчөлөрү баш ийгидей бирдиктүү эреже жана лидерди шайлоо жобосу иштелип чыккандан кийин гана лидер тандалса болмок деген пикирди карманууда.

19-марттагы жыйын маалында анын бул сунушу колдоо таппаган соң, ал жыйынды таштап чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ошол эле учурда Жээнбеков Кадыровду саясатчы катары сыйлай турганын билдирип, бул окуяны оппозиция ичиндеги чечиле турган эле келишпестик катары бааларын айтты:

- Оппозицияга жаңы күчтөрдү алалы десек, жаңы күчтөр сөзсүз ошол эрежени билип туруп, андан кийин келет. Эрежеси жок иштесек, анда кыйын болуп калат. Ошондуктан биринчи чечим кабыл алуу эрежесин жана лидерди шайлоо эрежесин жазалы десек, ага кээ бир мүчөлөрүбүз макул болбой, “жок, азыр шайлай берели, эрежени кийин жазып алабыз” дешти. Айрымдарыбыз эреже болбогондон кийин коё туралы деп жыйынга катышкан жокпуз. Калгандары лидер кылып Кубанычбек Кадыровду шайлашыптыр. Иштей берсе болот, бирок легитимдүүлүк деген маселе баары бир кыйын. Бул маселеге кийин кайрылып келебизби, же ушул бойдон иштей беребизби аны чече элекпиз. Кайра ал үчүн чогулуубуз керек.

Улуттук оппозициялык кыймылдын жаңы лидери Кубанычбек Кадыров шайлоо легитимдүү болгонун белгилеп, айрым мүчөлөрдүн нааразылыктарын суу кечпеген шылтоо катары баалады. Ал Равшан Жээнбеков дагы учурунда кыймылга эч кандай эрежесиз лидер болуп шайланганын эске салып, ага өзү дагы колдоо көрсөткөнүн белгиледи.

- Мени шайлашты. Менимче, шайлоо легитимдүү болду. Адил Турдукулов бизге мүчөмүн деп айтып койгон. Бирок ал бизге мүчө эмес. Ал эми Равшан Жээнбековду учурунда ушундай жол менен эле шайлаганбыз. Жээнбеков келгенде эреже иштебейт экен да, Кадыров келгенде эреже иштеп калат турбайбы деген тамаша сөздөр да болду. Өздөрү эле оюн кылалы деп жатышат окшойт. Учурунда Улуттук оппозициялык кыймыл түзүлүп, лидерлик боюнча маселе көтөрүлгөндө Равшан Жээнбековдун талапкерлигин мен сунуштаган элем.

Кубатбек Байболов
Кубатбек Байболов

Коомдук ишмер Кубатбек Байболовдун пикиринде, Кыргызстанда оппозицияны ойдогудай деңгээлге жеткирүү аракетине эле 15 жыл убакыт кетти. Бүгүнкү күндө деле оппозициялык кыймылдын ичинде өз ара пикир келишпестиктин орун алышына аларды бириктирген бир жалпы идеологиянын, туруктуу бир эреженин жоктугу себеп болуп жатат. Анын көз карашында азыр оппозициянын алдында эч кандай терең максат жок, мындан улам алардын ич ара талашынын дагы төркүнү түшүнүксүз.

- Мына, бийликтен айдалгандардын баарын эле оппозицияга ала берип, эки жолу төңкөрүш болуп, кайра келгендер “баягы эле баягы, койчунун ала таягы” болуп келе жатабыз. Азыркы кезде оппозиция лидери төө бастыга калгандан башка мындай бир айлыгы же мансабы жок да. Эмнени талашып жатышканын түшүнбөйм. Эгерде бийликти ала турган болсок биз эмес, Кыргызстандын тагдырын элдик курултайга тапшырабыз десе мынчалык талаш болмок эмес. Демек бириктирген бир жалпы идеология да жок, жогорку деңгээлдеги интеллектуалдык багаж дагы жок. Ошондой болуп жатат азыр. Эшегине жараша тушагы болуп калды.

Оппозициялык кыймыл ичиндеги тартип, лидерди шайлоо боюнча карама-каршылык жаралганы менен, нааразы тараптар кыймылдын ичинде кала беришет. Алар мындай талаш-тартыштарды оппозициянын ичинде боло келген табигый нерсе катары баалап, аны чечүү жолдору бар экендигине ишеним артып жатышат.

Улуттук оппозициялык кыймыл мындан эки жарым жыл мурда түзүлгөн. Анын курамына Камчыбек Ташиев, Мелис Мырзакматов, Акматбек Келдибеков сыяктуу саясатчылар дагы кирген. Бирок бийлик менен жең ичинен сүйлөшүп алды деген негизде Ташиев анын курамынан чыгарылган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG