Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Зариф Р5+1ди Иранга кысым көрсөтпөөгө чакырды


АКШ жана башка дүйнө өлкөлөрү Ирандын ядролук программасын чектөө боюнча сүйлөшүүдө Тегеранга кысым жасабашы керек. Бул жөнүндө Ирандын тышкы иштер министри 20-мартта Лозанна шаарында АКШ Мамкатчысы Жон Керри менен кездешүү алдында эскертти. Азыр АКШ, Британия, Германия, Кытай, Орусия үчүн “кысымды же келишимди тандоочу убакыт” деп кошумчалады Жавад Зариф Кошмо Штаттардын президентинин ирандыктарды Нооруз менен куттуктоосуна жооп берип.

Барак Обама куттуктоодо АКШменен Ирандын алакасы оңолушу үчүн “ондогон жылдардан берки эң жакшы мүмкүнүчүлүк” түзүлүп турганын, бирок ядролук программага байланыштуу сүйлөшүүлөрдө прогресске катар ажырым да бар деген: "Ондогон жылдардан бери биздин мамлекеттерди ишенбөөчүлүк жана коркунуч ажыратып келди. Азыр эрте жаз: биздин өлкөлөргө жана дүйнөгө алдыдагы көптөгөн жылдарга пайда алып келе тургандай мүмкүнчүлүк бар."

Буга чейин макулдашылгандай, Ирандын ядролук программасына тийиштүү талашты жөнгөрүүгө негиз болуучу келишимге 30-мартка чейин кол коюшу абзел.

XS
SM
MD
LG