Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Кыргызстанда Нооруз майрамы белгиленүүдө


Бүгүн сүмөлөк бышырышат
Бүгүн сүмөлөк бышырышат

Ушул тапта Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында Ноорузду белгилөөгө даярдыктар аяктап калды. Саат 11де аянтта театралдаштырылган оюндар коюлса, эски аянтта спорт оюндары күтүлүүдө. Кабарчыбыздын маалыматына ылайык, азыр аянтка майрамды белгилөө үчүн эл чогула баштады, алардын басымдуу бөлүгү - жаштар.

Бүгүн Нооруз майрамын Борбор Азия өлкөлөрү да белгилешүүдө. Майрамдык салтанаттар республиканын бир катар аймактарында уюштурулат.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, Нооруз майрамынын тарыхы биздин заманга чейинки 7-6-кылымдарга барып такалат. Бул майрам ошол доордо жашаган зороастризм дининин негиздөөчүсү Заратуштранын диний көз карашына байланыштуу болгону айтылат.

Нооруз сөзү фарс тилинин “ноу” – жаңы, “рузи” – күн (жыл) деген сөздөрүнөн келип, “жаңы күн” деген маанини берет. Жаздын келишин, жаратылыштын жанданышын символ кылган бул майрамдын мекени - Иран мамлекети. Кыргыздарда бул күнү сүмөлөк, көжө сыяктуу эзелтен келаткан тамак-аштар жасалат, конок күтүлөт, “аластоо” сыяктуу ырымдар жасалып келет. (ZMa)

XS
SM
MD
LG