Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:10

Президент Алмазбек Атамбаев Тунистин президенти Бежи Каид Эс-Себсиге "Бардо" улуттук музейиндеги теракттын натыйжасында жарандардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Атамбаев жолдогон көңүл айтуу катында Кыргызстан терроризмдин түрдүү көрүнүштөрүн чечкиндүүлүк менен айыптап, эл аралык коомчулуктун терроризмге каршы күрөшүүдөгү аракеттерин колдой турганы белгиленет. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

18-мартта Тунистин борбор калаасындагы белгилүү Бардо музейине куралчан адамдар кирип, ок ачкан. Андан 20 чет элдик турист жана үч жергиликтүү тургун каза болгон. Бул кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчул тобу өзүнө алган. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG