Нооруздун урматына Бишкекте майрамдык иш-чаралар өтүп жатат. Коомдук тартипке эки миңге жакын милиция кызматкери көз салууда. Алардан тышкары тартипти камсыздоого башка структура жана ведомстволор, аймактык администрациялар да тартылып, коомдук тартипти коргоо боюнча иш-чаралардын комплексин жүргүзүүдө.
Бүгүн Ала-Тоо аянтына арак ичимдиктерин, тыюу салынган буюмдарды, пиротехниканы алып кирүүгө тыюу салынган. Аянттын тегерегинде арак-шарап сатууга да тыюу салынды. (ZMa)