Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:37

Бүгүн - эл аралык Токой күнү


23 өлкөдө жүргүзүлгөн изилдөө иштери Батыш жана Борбор Азияда токойлордун аянты кыскарганын көрсөткөн. Изилдөө жүргүзүлгөн 17 өлкөдө токойлордун аянты аймактын он пайыздан кемин гана түзөөрүн көрсөткөн.

Кыргызстанда токойлор өлкө аймагынын болгону 954 миң гектарын түзөт.

Токойлор экологиялык балансты жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо функциясын аткарат. Мындан тышкары Кыргызстан, Тажикстан өңдүү тоолуу өлкөлөрдө токойлор топуракта ным кармоо, сел, көчкүлөрдү алдын алуу өңдүү милдеттерди аткарат.

Токой күнүнүн алдында БУУнун Башкы ассамблеясы өкмөттөрдү, жарандык активисттерди жана калкты токойду сактап калуу үчүн жигердүү аракеттерди жасоого чакырды. (ZMa)

XS
SM
MD
LG