Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Кыргызстанда эпизоотикалык абал туруктуу


Бул тууралуу жазгы талаа иштерине даярдык көрүү боюнча өткөн кеңешмеде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Самир Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, зарыл болгон вакцинанын баары жетиштүү. Осмоналиев ушул жылга вакциналарды сатып алууга өткөрүлгөн тендерге 4 компания катышып, жалпы суммасы 61 миллион 400 миң сомду түзгөнүн айтты. Компаниялар апрелдин ортосуна чейин дарыларды жеткирүүнү убада кылышкан.

Аймактардан келген өкүлдөр вакцина жетпей жатканын белгилешип, бул маселени чукул арада чечүүнү өтүнүштү. Премьер-министр бул маселени чечүүнү тапшырды. (ZMa)

XS
SM
MD
LG