Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:13

Кумтөр долбоору боюнча сүйлөшүүлөр 23-мартта уланат


Бул тууралуу "Кыргызалтындын" башчысы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, айрым экологиялык маселелер чечилбей калгандыктан сүйлөшүүлөр кийинки аптада уланмай болду. Дүйшөмбүдө Бишкекке "Центерранын" экологиялык эксперттери келет. Сүйлөшүүлөр маалында экологияны коргоого бөлүнгөн жылдык төлөмдөрдүн көлөмү, рекультивация боюнча трасттык фонддун өлчөмү талкууланат.

Буга чейин тараптар Кумтөр боюнча макулдашуунун соңку долбоору "Кыргызалтындын" меморандумуна негизделерин алдын ала макулдашышкан. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG