Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Түрк президенти кыргызстандыктарды куттуктады


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

"Нооруз эки өлкөнүн ортосундагы достукту, боордоштукту жана кызматташтыкты өткөн чагыбыздан келечекке жеткирген жалпы салттарыбыздын жана адаттарыбыздын мыкты символу болуп эсептелет", - деп белгиленет куттуктоодо.

Түрк президенти Нооруз Кыргызстан менен Түркияга гана эмес, ошондой эле бүткүл дүйнөгө да тынчтыкты, бакыт-таалайды жана туруктуулукту алып келсин деген каалоосун айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү кабарлады. (ZMa)

XS
SM
MD
LG