Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:07

Азат Үсөналиев WSB беттешинде кытай атаандашын утту


Кыргызстандык боксчу Азат Үсөналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) 5-сезонунда кытай атаандашын утту. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында маалымдалган.

20-мартта Киев шаарында Азаттын “Украина атамандары” командасы “Кытайдын ажыдаарлары” жаатынын мушкерлери менен беттешишкен. 52 кг. салмак даражасында Азат Үсөналиев кытайлык Ху Жиангуан менен артыкчылыктуу күч сынашкан. Алгачкы үч раундда калыстар бир добуштан жеңишти Азатка ыйгарышса, төртүнчү раундда демилгени кытай мушкери колго алган. Жыйынтыктоочу бешинчи раундда Үсөналиевге үч калыстын экөө жеңиш упайын беришкен. Беттеш жыйынтыгы 3:0 эсебинде аяктады.

Ушуну менен Азат Үсөналиев Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын 5-сезонунда экинчи жеңишин камсыз кылды. Буга чейин быйылкы сезондун алгачкы беттешинде Дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси (2011), Европанын чемпиону (2011) Эндрю Селбини уткан эле. Бул жетишкендиги үчүн Эл аралык бокс бирикмеси (AIBA) Азат Үсөналиевди "Январь айындагы мыкты боксчу" деп атаган.

Азат Үсөналиев жарым профессионалдык “Украина атамандары” командасынын курамында 2014-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк бокс сериясынын (WSB) таймаштарына катышып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG