Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Бишкекте жоголгон мектеп окуучусу табылды


Бул тууралуу "Азаттыкка" Свердлов ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты. 15 жаштагы Айдана Тынчтыкбек кызы 18-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон табылбай жаткан. Ал өзүнүн курбусунун үйүндө экени аныкталды. Жыл башынан бери мектеп жашындагы 3 кыз жоголуп, бирок алар кыска убакыттын аралыгында табылган болчу. Алардын экөө жакын тууганынын үйүнөн, дагы бирөө көчөдө жүргөн жеринен табылган.

Ички иштер министрлигинин маалымына ылайык, өткөн 2014-жылы Кыргызстанда жалпысынан 726 бала дайынсыз жоголуп, анын 685и табылган. Ал эми 41 өспүрүмдүн кайда экени белгисиз бойдон калууда. Өспүрүмдөрдүн үйдөн чыгып кетишине негизинен жакындары менен араздашуу жана өз алдынчалыгын далилдөө аракети себеп болот. (AzK)

XS
SM
MD
LG