Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Нурланбек Калыбековдун “Ирмемдер” китеби жарык көрдү


Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Нурланбек Калыбековдун “Ирмемдер” аттуу кара сөздөн жана ырлардан турган китеби жарык көрдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” эл аралык “Нур борбор” чыгармачыл академиясынан кабарлашты.

Аталган китептин негизги өзгөчөлүгү - Калыбеков өз замандаштарынын, калемдештеринин, устаттарынын чыгармачылык жана жеке инсандык бейнелерине токтолгон. Ар кандай багытта иштеген азыркы замандын кишилери тууралуу адабий штрихтерди жараткан. Акыркы жылдары улуттук адабиятта бул жанрга эч ким кайрылбай калган.

Нурланбек Калыбеков буга чейин окурмандарга “Нур дүйнө”, “21”, “Кожоюн”, “Суроокана” аттуу бир нече ыр жыйнактарын тартуулаган. Орус тилинде жарык көргөн китептери да бар. Эл аралык Сергей Есенин атындагы сыйлыктын лауреаты. (ZA)

XS
SM
MD
LG