Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:09

Кургак учук боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде 2-орунда


Бул тууралуу “Азаттыкка” Республикалык фтизиатрия борборунун директору Абдуллат Кадыров билдирди. Анын айтымында, ушул тапта Кыргызстанда бул дарт менен 5 жарым миңге чукул киши каттоодо турат. Алардын ичинен кургак учуктун оор формасы менен 3 миңден ашык киши ооруйт.

Кыргызстанда 100 000 кишиге кургак учук менен ооруган 98 киши туура келет. Орусияда бул көрсөткүч 100 000 кишиге 64 оорулуу болуп саналат.

Оорулуулардын саны боюнча Бишкек шаары жана Чүй облусу биринчи орунда турат. Адистер буга ички миграция себеп болгонун белгилешет. (AzK\BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG