Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

Орусияда кургак учукту жуктурган мигранттар дарыгерлерге кайрылбайт


Бул туурасында “Азаттыкка” Республикалык фтизиатрия борборунун директору Абдуллат Кадыров билдирди. Анын айтымында, мигранттар кан кусуп калгыча дарыгерлерге кайрылышпайт. Анткени алар оорусу билинсе, депортацияланып калуудан коркушат. Алар мекенинде дарыланууну көздөшөт, бирок кайтып келген учурда оору өтүшүп кеткен болот.

Былтыр 2014-жылы Орусиядан 587 киши кургак учуктун оор формасы менен ооруп келишкен. Мындан тышкары ички миграциядан ооруну жуктургандардын саны 1200 кишиден ашкан. (AzK\BCh)

XS
SM
MD
LG