Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Тажикстан: туугандар арасындагы никенин азабы


Туугандар арасындагы никеден тубаса майып төрөлгөн ымыркай. Хатлон облусу
Туугандар арасындагы никеден тубаса майып төрөлгөн ымыркай. Хатлон облусу

Тажик бийликтери жакын туугандардын баш кошуусунан төрөлгөн балдарды каттоого киришти.

16-марттан тарта башталган иш-чарага Хатлон облусунда туугандар ортосундагы никеден төрөлгөн 1546 баланын майып болуп калышы себеп болду.

- Жалгыз бир тууган эжем экөөбүз туугандык катнашты бекемдейли деп, анын уулуна өз кызымды бергем. Мындай болоорун билген эмесмин, - деп көз жашын сүрткөн Зебо Каримова Хатлон облусундагы психиатриялык ооруканада 5 жаштагы небереси Анисжонду карап жатат.

- Кызым үчүнчү баласын ушундай оору менен төрөгөн соң күйөөсү таштап кетти. Мындан улам эжем экөөбүз да катташпай калдык, - деген Зебо небереси сакайып кетеринен үмүт үзбөйт. Небереси Анисжон төрөлгөндөн тарта баспайт.

Мындай окуялар Хатлон облусунда жүздөп катталат. Анисжондун дарыгери Хасан Назаровдун айтымында, алардын бөлүмүнө түшкөн он баланын алтоо туугандар ортосундагы никеден төрөлгөндөр. Алардын көбүнүн дене мүчөлөрү кем, же мээсинде кандайдыр бир мандеми бар.

- Айрымдар мындай майып балдарды айыктыруу мүмкүн эмес деген сөздөрдү таратышууда. Биз колдон келген аракетибизди көрүп жатабыз. Сакайып, жакшы болуп кеткендери да бар. Тилекке каршы, туугандар арасындагы никеде гендердин туура эмес келип калышы дал ушундай жагдайга алып келип жаткандай.

Облустук саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо башкармалыгынын маалыматына ылайык, аймактагы 9700 майыптын 15%дан ашууну тууган адамдар ортосундагы никеден төрөлгөндөр.

Жиликул райондук төрөт үйүнөн “Азаттык” радиосунун тажик кызматына кабарлашкандай, аймактагы туугандар ортосундагы никеде турган 16 аялдын алтоосунун курсактагы баласынын дене мүчөсүнүн бир жери жетишпегени аныкталган. Мындан улам алар боюнан алдырууга аргасыз болушкан.

2000-жылдардын соңунда Тажикстандын медицина кызматкерлери депутаттарга кайрылып, эки, үч ата гана өткөн туугандардын үй-бүлө куруусуна тыюу салууну сунушташкан. Анда мыйзамчылар мындай чараны маселени чечүү жолу эмес деп атап, сунушту четке каккан.

Андан он беш жыл өтпөй бул маселе курчугандан курчуп, быйыл президенттин деңгээлинде көтөрүлдү. Президент Эмомали Рахмон быйыл 23-январда элге жасаган кайрылуусунда:

- Дагы бир жолу баса белгилейм, бул маселени коомчулук жана эл менен бирге чечүү керек. Бул көйгөй тууралуу ойлонгула. Болбосо тыюу салган мыйзам чыгарабыз. Мектеп программасына "Үй-бүлө сабактары" деген сыяктуу сабак киргизүүнү сунуштайм, - деп айтты.

Социолог, эксперт Фируз Саидов Германиянын DW радиосуна берген маегинде Тажикстандагы туугандар арасындагы никенин өсүшүнүн ар кайсы аймакта ар кандай себептери бар экенин айткан. Маселен, Зеравшан өрөөнүндө бул көрүнүштүн өрчүп кетишине элдин караңгылыгы түрткү болууда:

- Элдер көп жылдан бери жабык жашашат. Сырткы дүйнө менен диалог өтө аз. Мына ошондон улам бири-бирине үйлөнө беришет.

Дагы бир себеп-кылымдан бери келаткан кландар арасындагы салттар.​ Саидовдун айтымында, маселен коомдун жогорку баскычындагы диндар үй-бүлөлөр арасында өз ара кудалашуу кеңири тараган көрүнүш.​

XS
SM
MD
LG