Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:46

Йеменде хуситтер стратегиялык маанидеги Таиз шаарын басып алышты


Йеменде шиит козголоңчулары – хуситтер өлкөнүн ири шаарларынын бири саналган Таиз шаарын көзөмөлгө алышты. Алар мамлекеттик мекемелерди жана бир нече стратегиялык объекттерди ээлешти. Алардын ичинде аэропорт, авиабаза жана борбордук түрмө да бар. Бул туурасында батыш маалымат агенттиктерине жергиликтүү бийликтер кабарлаган.

БУУнун Коргоо кеңеши чукул жыйын куруп, Йемендеги соңку окуяларды талкуулаганы жатат. Бул чечим эл аралык коомчулук тааныган Йемендин президенти Абд Раббу Мансур Хади кеңешти өлкөдөгү абалга кийлигишүүгө чакырган соң кабыл алынды.

Ишемби күнү АКШ саясий жана аскердик кырдаал курчуп кеткен Йеменден өз жарандарын алып чыгып кетүүнү чечкен.

20-мартта Санадагы эки мечитте жарылуу болуп, 140ка чукул киши мерт болгон. Кол салууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алган. (AzK)

XS
SM
MD
LG