Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:56

Ооганстан: Фархунданын Куранды өрттөгөнү тастыкталбады


Куранды өрттөдү деп, ташбаранга алынып өлтүрүлгөн аял 22-мартта Кабулда жерге берилди. 27 жаштагы Фархунданын табытын мазарга эркектер курчаган аял активисттер көтөрүп барышты. Алар өкмөттөн Фархунданы өлтүргөндөрдү таап, соттоону талап кылышты. Анын Куранды өрттөгөнү далилденбегенин Ооганстандын Ички иштер министрлигинин даражалуу кызматкери Мухаммед Закир билдирди.

19-мартта жаалданган топ, көбү эркектер Фархунданы Куранды өрттөдү деп күнөөлөшүп, өлөрчө сабашып, андан соң тирүүлөй өрттөп, дарыяга ыргытып жиберишкен. Бул окуяга байланыштуу 13 адам кармалган. (АУ)

XS
SM
MD
LG