Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:10

Гани: АКШ менен Ооганстандын коркунучу бир


Ооган президенти Ашраф Гани терроризмге каршы күрөшүүдө эки өлкөнүн кызыкчылыгы бирдей деп эсептейт. Ал бул тууралуу 22-мартта Вашингтонго расмий сапар менен барган учурунда CNN телеканалына билдирди. “Биздин башыбызда турган коркунучтар бүтүн дүйнөгө туулуп жаткан коркунуч” деп айткан Ашраф Гани Ооган жергесинде курман болгон жана жаракат алган америкалык аскерлер үчүн чоң ыраазычылыгын билдирди.

Ооган президенти баштаган делегация АКШга сапары учурунда президент Барак Обама менен жолугушуп, мамлекеттик катчы Жон Керри менен сүйлөшмөкчү. Сүйлөшүүдө негизинен коопсуздук маселеси, анын ичинде АКШ аскерлерин чыгарып кетүү, экономикалык өнүгүү жана Ооганстан жетектеген элдешүү жараянын АКШнын колдоосу сыяктуу маселелер талкууланат.

Ашраф Гани ошондой эле Конгресстин кошмо жыйынында да сүйлөрү айтылууда.

XS
SM
MD
LG