Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:16

Бүгүн Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөр уланат


23-марттагы сүйлөшүүлөрдө алтын казуудагы экологияны коргоо тууралуу сөз болот.

23-марттагы сүйлөшүүлөрдө алтын казуудагы экологияны коргоо тууралуу сөз болот.

23-марттагы сүйлөшүүлөргө Кумтөр алтын кенин иштетип жаткан “Центерра голд” ишканасынын эксперттери катышат. Анда алтын казууда экологияны коргоого бөлүнгөн жылдык төлөмдөр, рекультивация боюнча фонд тууралуу сөз болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кыргызалтындын” башчысы Токон Мамытов билдирди.

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Канада тарап менен келишим долбоору ушул жумада парламентте да каралат.

Белгилүү болгондой, 26-мартта Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча сүйлөшүүгө өкмөткө берген бир айлык мөөнөт бүтөт. Кыргыз өкмөтү канадалыктар менен жетишилген келишим долбоору парламентке жиберилгенин билдирүүдө.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG